Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлери жер тилкесин мыйзамсыз сатышкан

11 января 2018 16:55 1053 Barometr
Поделиться в:
ok

Башкы прокуратура, Экономикалык кылмыштуулуктарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы менен биргеликте, Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айыл аймагынын кызматкерлери тарабынан жер тилкесинин мыйзамсыз берилиши боюнча фактыны текшерди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат бөлүмүнөн билдиришти.

Натыйжада Кылмыш кодексинин 304 (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 305-2 (КРдын жер мыйзамын бузуу), 315 (кызматтык жасалмачылык), 350 (жасалма документтерди колдонуу же жасалмалоо) жана 353-беренелери (Өзүм билемдик) боюнча иш козголду.

Аныкталгандай, 2011-жылы 11-ноябрда, аталган айым аймагынын кызматкерлери 0,70 га жер аянтын 49 жылдык мөөнөт менен убактылуу колдонууга Н.У. аттуу жаранга беришкен.

2013-жылы 12-ноябрда, ушул эле жер тилкесин, трансформация жана сынагы жок, комиссиянын жасалпа протоколу жана сатып алуу-сатуу келишиминин негизинде, С.Т. аттуу жаранга 125 000 сомго өткөрүп беришкен.

Белгилесек, бул тилкенин рыноктук наркы, ал сатылып жаткан кезде 7 млн 356 миң сом турган. Мындан тышкары, 2014-жылдан 2016-жылга дейре бул жер аянты физикалык жактар тарабынан объекттердин курулушу үчүн бир нече ирет алып сатылган.

Ссылка: https://barometr.kg/content10611



Добавить комментарий