Интернетте Коомдук каналдын башчысы Илим Карыпбековдун посту талкуу жаратты

11 января 2018 15:00 2210 Barometr
Поделиться в:
ok

Жарандык активист Мавлян Аскарбеков КТРКнын башкы директору Илим Карыпбековдон интернеттеги посту үчүн эл алдында аймактын тургундарынан кечирим суроосун талап кылды.

Белгилесек, Карыпбеков, Твиттердеги баракчасына президенттин 2018-жылды аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялаган чечимин колдой турганын жазган.

"Ал үчүн акча деле керек эмес – жөн гана ичкенди коюп, иштеш керек»,-деп жазган ал.

Аскарбеков, коомдук каналдын жетекчиси муну менен аймактардын жашоочуларын кемсинткен деп эсептейт.

"Мен өзүм аймактан чыккам, ал жакта адамдар ичпей эле тытынып иштегенин билем. Региондогу миллиондогон биздин жарандар чет жактарда кыйынчылыкка карабастан иштеп жүрүшөт. Өзүм дагы 5 жыл бою эмгек мигранты болум жүрдүм. Жылуу бөлмөдө отуруп алып, башкы директор элге кантип жашаш керектигин кандайча үйрөтө алат. Мен, Карыпбековдон эл алдында кечирим сурашын талап кылам”,-деп билдирди активист.

Илим Карыпбековдун мындай билдирүүсү социалдык тармактарда айрым колдонуучулардын нааразылыгын жараткан.

Ссылка: https://barometr.kg/content10606



Добавить комментарий