Ноокенде дайынсыз жоголгон жаран изделүүдө
Поделиться в:
Жалал-Абад областында дайынсыз жоголгон эркек киши изделүүдө. Бул тууралуу областтык ИИБси билдирди.
Өткөн жылдын 22-декабрында, 1981-жылы туулган Алибаев Азамат Эргешбаевич Кочкор-Ата шаарынан чыгып Бишкекке сапар алган, ал ошондон бери дайынсыз.
Белгилери: бою 165-170 см, чачы кара, кыска.
Кийген кийими: кыска кара түстүү күрмө, кызыл жемпир, кара шым жана бутунда кышкы кара түстүү өтүк болгон.
Жаранды көрүп-билгендер болсо төмөнкү номерлерге кайрылыңыздар: Ноокен райондук ИИБси 03734 5-05-44, 0777 02-10-69, 0706 02-10-69, 102.
Ссылка: https://barometr.kg/content10603
Добавить комментарий ×