Бишкектеги жол кырсыктан 6 киши жабыркады

11 января 2018 14:08 1161 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкекте жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

10-январда, болжол менен саат 17:44тө 1999-жылы туулган, «БМВ-520» унаасынын айдоочусу А.Б. Айтматов көчөсүнөн «Мерседес-Бенц D250» үлгүдөгү автоунааны артынан сүзүп кагылышкан. Анын кесепетинен «Мерседес-Бенц-S320» унаасынын айдоочусу И.Ж. жана жүргүнчүлөр: 2011-жылы туулган Ж.А., 2009-жылы туулган К.Ш. денесинен алган ар кандай жаракаттары менен ооруканага жеткирилген.

Мындан тышкары, «БМВ-520» автоунаанын айдоочусу улуттук бейтапканага жаткырылды. Ал эми унаанын ичиндеги жүргүнчүлөр: 1999-жылы туулган Г.И. жана 1999-жылы туулган М.М. Бишкектеги травмотология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Азыркы тапта унаалар атайын күзөт жайына токтотулуп, бардык зарыл экспертизалар даярдалды.

Ссылка: https://barometr.kg/content10599



Добавить комментарий