Үйүндө маңзат менен ок-дарыны мыйзамсыз сактагандарга иш козголду
Ысык-Көл областынын Бостери айылында ИИМдин каттоосунда турган эки жергиликтүү тургун кармалды. Бул тууралуу ОИИБсинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Буга чейин Кылмыш кодексинин 168-беренеси боюнча соттолгон, Бостери айылынын 26 жаштагы жашоочусу У. уулу Бактыбектин үйүнө тинтүү жүргүзүмыйзамсыз сакталган баңгизат табылган. Анын салмагы 2 кг 700 граммды түзгөн. Жаран Ысык-Көл райондук ИИБсинин тергөө жайына киргизилди.
Ал эми мурун Кылмыш кодексинин 170-беренеси боюнча соттолгон М. Айдардын үйүнөн мыйзамсыз сакталган ок-дарылар (5,45 мм 11 ок) бар экени аныкталган. Кармалган жаран тергөө абагына киргизилди.
Эки факт боюнча Ысык-Көл РИИБсинин тергөө кызматы тарабынан 246 жана 241-беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүүдө.
Ссылка: https://barometr.kg/content10588
Добавить комментарий ×