Бишкекти каптаган кара түтүнгө кимдер күнөөлүү?

11 января 2018 11:53 845 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 11-январда, парламенттин жыйынында, КСДП партиясынан депутат Аалы Карашев, Бишкек шаарындагы аба эмнеден улам кирдеп жатканын жана тургундардын саламаттыгына зыян алып келүүчү кара түтүндүн пайда болушуна кимдер күнөөлүү экенин түшүндүрүүнү талап кылды.

Өкмөт жаңы конуштарга газ берүүчү түтүктөрдү орнотуу боюнча маалыматты тааныштырышы керек. Тургундар алар кайда жана кайсы жакка орнотулганын билиши керек. Учурда энергетиктер, жаңы конуштарда жашаган жашоочулардын айынан калааны кара түтүн каптады деп билдиришүүдө. Тургундар көмүр жагып абаны булгап жатышыптыр да. А эмне конуштар бүгүн эле пайда боло калдыбы? Алар мындан 20 жыл мурун эле бар болчу жана көмүр жагып келишкен»,-деп нааразы болду эл өкүлү.

Ссылка: https://barometr.kg/content10585



Добавить комментарий