Анжелика Бекболиева: Интернетке тараган сүрөт 5 жыл мурун гонорар тапшыруу учурунда тартылган

9 января 2018 15:16 5725 Barometr
Поделиться в:
ok

Кечээ, 8-январда социалдык тармактарда жана жергиликтүү сайттарда ырчы Анжелика Бекболиеванын башка эркектер менен тагыраагы Марат аттуу киши менен жакын мамиледи болгону туурасында маалымат тараган эле.

Ал эми Анжелика Бекболиева barometr.kgге өзүнүн дарегине айтылган кептер калп экенин, жалган маалыматты тараткан адам изделип жатканын айтты.

“Каралап жаткан адам ким экенин тактап, андан соң факт менен маалымат таратуу керек. Бул бирөөнүн буюртмасы экени даана көрүнүп турат. Бул 5 жыл мурунку расмий гонорар тапшыруу учурунда тартылган сүрөт. Менден башка толтура ырчыларда да дал ушундай сүрөттөр бар. Жомокчулар жомогун айта берсин. Мен башкаларды бактылуу кылууга аракет көрүп жүрөм", - деди Анжелика Бекболиева.

Ссылка: https://barometr.kg/content10521



Добавить комментарий