Аламүдүн районунда эне-баланын өмүрүн алган жол кырсыгы катталды

8 января 2018 15:09 1224 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкектин Аламүдүн районунда бүгүн таң эртең менен, болжол менен саат 7:30дарда Honda CR-V үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Алма-Ата көчөсү менен жүрүп келатып 50 жаштагы аял менен анын 5 жаштагы уулун сүзүп кеткен. Бул тууралуу Чүй областы боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча башкармалыктын басма сөз кызматынан кабарлашты. Наристе ошол жерден мерт кеткен, ал эми энеси Чүй областтык ооруканасына жеткирилген. Айдоочу эч кайда качпастан жол кырсыгы болгон жерде тез жардамды жана укук коргоо органдарын күтүп турган. Маалымдалгандай, каза болгон баланын энеси баш сөөгүнөн ачык жаракат алып, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган, бирок эсине келбестен каза тапкан. Учурда окуя боюнча тергөө иштери жүрүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/content10481



Добавить комментарий