Бабановдун туугандарына таандык "Осьминог" ресторанын атайылап өрттөшкөнбү?

8 января 2018 09:09 1172 Barometr
Поделиться в:
ok

Социалдык тармактарда Ысык-Көл областындагы Бостери айылында жайгашкан "Осьминог" ресторанындагы өрт тартылган видео жарыяланган.

Эске салсак, ресторанда 6-январдан 7-январга караган түнү өрт чыгып, имарат толугу менен күйгөн. Алдын ала маалыматтарга ылайык, өрт жарыдруудан улам чыккан.

Видеодо күбө, ресторанда алгач жардыруу болуп кийин жалын имаратты толук каптаганын айтып берген. Өрт тушташ жайгашкан үйлөрдү дагы капатаган. Видеонун автору, ресторан Өмүрбек Бабановдун туугандарына таандык болгондуктан, аны атайылап эле күйгүзүп жиберишкен деп ишенет.

Өрт өчүрүү кызматынын маалыматы боюнча, өрттүн кесепетинен "Гринхаус" жана "Сыябан" мейманканалары жабыркаган. 

Алдын ала маалыматтарга таянсак, өрттөн курман болгондор жана жабыркагандар жок.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content10464



Добавить комментарий