Элчилик: Россияда катталган жол кырсыгынан каза болгондордун арасында кыргызстандыктар жок

4 января 2018 17:11 1096 Barometr
Поделиться в:
ok

Кечээ, 3-январда, кечки саат төрт жарымдарда Ханты-Мансийск - Нягань жолунун 159 чакырымында Renault Duster жана Mazda 6 үлгүлөрүндөгү эки унаа кагылышкан. Бул тууралуу басылмалар жазды. Алдын ала маалыматтарга ылайык, жол кырсыгынан 10 адам каза тапкан.

Учурда полиция кызматкерлери кырсыктын себебин жана жагдайларын аныктап жатышат. Кыргызстандын Россиядагы элчилиги билдиргендей, каза болгондор жана жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок.

Ссылка: https://barometr.kg/content10391



Добавить комментарий