Египетте биткоиндер менен соода кылууга тыюу салынды

3 января 2018 09:54 862 Barometr
Поделиться в:
ok

Египеттин башкы муфтийи шейх Шавки Аллам, криптовалюта менен соода кылууга тыюу салган фатва чыгарды. Ал, биткоинге ислам тыюу саларын билдирди.

Анын айтымында, биткоин алдамчылык, карактоо жана наадандыкка жол ачууда.

2017-жылдын башында биткоин 1 000 доллардан бир аз кем турчу, бирок жыл аягында анын курсу 20 эсеге өстү.

Египеттин муфтийи белгилегендей, бул виртуалдык валюта бир дагы борбордошкон органдын көзөмөлүндө болбогондуктан, биткоинди колдонууга байланышкан тобокелдиктер болушу мүмкүн.

"Биткоиндерге шарият тыюу салат, анткени алар бөлөк жактарга, топторго же мекемелерге зыян алып келет»,-деп «Аль-Ахрам» гезити фатвадан цитата келтирет.

Өткөн жылдын августунда Египетте биткоинди сатуу үчүн алгачкы аянтча ачылган болчу, бирок декабрь айында өлкөнүн жарандык бийлиги криптовалютаны мыйзамдан тышкары жарыялашкан.

Муфийдин кеңешчиси Магди Ашор Egypt Todayге берген маегинде “биткоиндер түздөн-түз террорчуларды каржылоого жумшалат” деп билдирген.

Ссылка: https://barometr.kg/content10354



Добавить комментарий