Бишкекте тургундар тонировкаланган окшош номердеги эки унааны байкашкан

31 декабря 2017 16:59 3001 Barometr
Поделиться в:
ok

Социалдык тармактарда колдонуучулар B 0001 W деген бирдей мамлекеттик номери бар эки унаанын сүрөтү менен видеосун жарыялашты.

Колдонуучу Эрмек Аттокуров, Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн биринин короосунда «Геледваген» жана “Лексус” үлгүлөрүндөгү эки унаа турганын байкаган. Унаалардын түсү кара болгон жана экөөнүн тең номерлери окшош.

Белгилесек, мыйзамга ылайык, автоунаанын мамлекеттик номерлерин үчүнчү тарапка өткөрүп берүүгө тыюу салынат. Мында эки автоунаанын тең номерлери окшош, бирдей болушу мүмкүн эмес.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content10340



Добавить комментарий