Аида Салянова жүрөгү ооруп бейтапканага жаткырылды

30 декабря 2017 11:54 2121 Barometr
Поделиться в:
ok

Парламенттин депутаты Аида Салянова жүрөгү ооруп ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу жактоочу Таалайкүл Токтакунова билдирди.

"Кимдир-бирөө корпоративдик кечелерден кийин эс алып жатат, кээ бирөө болсо Жаңы жылга даярдык көрүүдө, бир гана судья Воронцованын «эс алууга» чамасы жок. Ал күндө саат 8:30дан кечки 6га чейин Аида Салянованын ишин карап чыгат. Ушундай адамгерчиликсиз иш-аракеттердин жыйынтыгында бүгүн эртең менен Аида Жеңишбековна жүрөгүндө көйгөйү менен бейтапканага кайрылды. Бирок Воронцова ишти таштап койбостон, бейтап сотко катыша алабы же жокпу дегени жазылган маалымдама катты күтүп жатат. Ылайыгына карап биз Чынар Жакупбекова экөөбүз дагы азыркы тапта сотто ошол маалымдаманы күтүп турабыз»,-деп жазды соцтармактагы баракчасына адвокат Токтакунова.

Ссылка: https://barometr.kg/content10320



Добавить комментарий