Шадиев: «Энергетика секторуна 1 млрд доллар инвестицияланды»

28 декабря 2017 19:57 441 Barometr
Поделиться в:
ok

Биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев бүгүн, 28-декабрда, «Улуттук электр түйүнү» коомунун борбордук диспетчердик пунктунда орнотулган заманбап долбоордук видеокубдардын иши менен таанышты. Бул тууралуу өкмөт аппаратынын кллмчулук жана ЖМК менен байланышуу бөлүмүнөн билдиришти.

Жабдык өлкөдө мындай түрдөгү жабдыктар өлкөдө алгачкы ирет орнотоулуп жатат. Мындай модернизациялоо жумуштары «Энергетика секторун өнүктүрүү» долбоорунун алкагында жүргүзүлдү. Ал алдыңкы мамлекеттердин диспетчердик кызматтарынын бардык заманбап талаптарына жооп берет. Аскарбек Шадиев, акыркы жети жылдын ичинде энергетика секторуна дээрлик 1 млрд АКШ доллары инвестицияланганын белгиледи.

«Жаңы системаны киргизүү энергетика системасынын ишинин сапатын жана ишенимдүүлүгүн жогорулатат»,-деди ал.

Аскарбек Шадиев, бул долбоорду ишке ашырган «АКАЙ» түрк ишканасына ыраазычылык билдирди.

Ссылка: https://barometr.kg/content10268



Добавить комментарий