Он жылдан бери теленин жүзү болуп келген Нуржан Ташболот кызы КТРКдан кетти

28 декабря 2017 11:49 5108 Barometr
Поделиться в:
ok

Көп жылдан бери КТРКда алып баруучу, диктор болуп иштеп келген Нуржан Ташболот кызын эми эфирден көрө албайсыз. Анткени алып баруучу өзүн башка тармактан сынап көргүсү келген үчүн кызматтан кеткенин barometr.kgге билдирди. 

“КТРКда иштегениме туура 10 жылдын жүзү болуптур. Көпчүлүгү эфирден кеткениме таң калышып сурап жатышат. Демек 10 жыл жасаган эмгегим текке кетпетир, сиздердин эсиңиздерде калаарлык аз да болсо иш жасаптырмын. Өзүмдү башка тармакта сынап көрүүнү чечтим. Телевидение - мен үчүн жашоого ачкыч болду. Жол көрсөткөн, дүйнө таанытуучу болду десем болот. Мага акыл-кеңешин айтып, мени туура жолго салып, чыгармачылык эргүү берген эже агайларыма, досторума терен ыраазычылык билдирем. Учурда сулуулук салонун ачып, ошону менен алек болуп жүрөм», -деди Нуржан Ташболот кызы.

Ссылка: https://barometr.kg/content10253



Добавить комментарий