15 жаштагы кыз жигити менен гаражда жыныстык катнашка баргандан кийин каза тапкан

26 декабря 2017 17:08 5606 Barometr
Поделиться в:
ok

15 жаштагы кыз, гаражда турган унаанын ичинде 19 жаштагы жигити менен жыныстык катнашка киргенден кийин, газдын исине ууланып каза тапкан. Окуя Россиянын Пензен областына караштуу Земетчино айылында болгон. Кырсыктан кийин маркумдун жигитине карата иш козголгон. Бул тууралуу областык башкармалыктын Иликтөө комитетине шилтеме берип Lenta.ru билдирди.

Инцидент базар күнү болгон. Сүйүшкөндөр кылмышка шектүүнүн гаражындагы Lada Priora автоунаасынын ичинде жыныстык катнашка кирген. Гараждын дарбазасы жабык болчу. Жигит унаанын кыймылдаткычын жылуу болсун деп күйгүзүп койгон.

«Бир аз убакыт өткөндөн кийин кыз менен бала өзүн жаман сезе башташкан. Шектүү кыймылдаткычты өчүрүп унаадан чыгууга аракет кылган жана анын өзүнүн айтымында ал эсин жоготуп койгон. Эсине келгенде ал гараждан чыгып кеткен»,-деп айтылат билдирүүдө.

Тез жардамды жигиттин туугандары чакыртышкан. Окуя болгон жерге келген дарыгерлер кыздын каза болгонун аныкташкан.

Маркумдун сүйүктүүсүнө карата Россиянын Кылмыш кодексинин 109 жана 134-беренелери боюнча иш козголду.

Ссылка: https://barometr.kg/content10198



Добавить комментарий