Карыпбеков фашисттик форма тууралуу: Бул жөн гана тамаша номер болчу

25 декабря 2017 16:25 1187 Barometr
Поделиться в:
ok

КТРК башкы директору Илим Карыпбеков, социалдык тармакта телеканалдын кызматкери Канат Авазбековдун фашисттик формасы тууралуу комментарий берди. Бул тууралуу ал интернеттеги баракчасында жазган.

Демек, анын айтымында, сүрөт Ала-Тоо 24 каналынын кызматкерлеринин жаңы жылдык кечесинде тартылган, анда Канаттан терс каарманды: фашисттик армиянын офицерин тамаша иретинде ойноп берүүсүн өтүнүшкөн.

"Бул форманы ал ушул тамаша номерди ойноп берүү үчүн гана кийген. Калган убактарда ал кече кийими менен жүргөн. Бул-эгер согуш жөнүндө тасма тартылып жаткан болсо, ал тартуу аянтында актерду немис формачан сүрөткө тартуу жана аны негизсиз каралоого барабар. Келгиле, бир аз кайрымдуу бололу. Канат дагы, КТРКнын кызматкерлери дагы тарыхты мыкты билет жана ата-бабаларыбыз жеңишти кандай кыйынчылык менен алып келгени баарынын эсинде!", - деп айтылат башкы директордун билдирүүсүндө.

Эске салсак, интернетте колдонуучулар Канат Авазбековдун фашисттик Германиянын офицеринин формасын кийип түшкөн сүрөтүн кызуу талкуулап жатышат. Айрымдары муну менен Коомдук канал фашизмди жайылтып жатат деп эсептешүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/content10153



Добавить комментарий