Анжелика: “Мындай күтүлбөгөн сыйлык быйыл да мага буйруптур”

25 декабря 2017 13:56 4285 Barometr
Поделиться в:
ok

Facebook yntymakstan 2017 Facebook социалдык тармагынын колдонуучуларынын тандоосу менен “Жылдыздуу айым 2017” диплому Анжелика Бекболиевага ыйгарылды. Бул тууралуу ырчы социалдык баракчасында билдирген. Анда ырчы: “Менин кымбаттуу досторум, фолловерлерим, сиздер бар үчүн мен бул Жылдызга татыдым.
Фейсбуктун жылдызы болуу – бул Инстаграммдын да жылдызы дегенге жатат.
Бул жылдызды өзүмдүн бардык 723,575 жазылуучуларыма жана менин күйөрмандарыма арнайм. Жакындарыбыз, чын жүрөгү менен бизге мамиле жасаган инсандарга Кудайым үч эселеп жакшылыгын берсин.
Көңүл кубанткан мындай күтүлбөгөн сыйлык быйыл да мага буйруптур.
Жыл сайын @kudret_taichabarov уюштурчу эле, быйыл мындай мыкты иш чараны @dana_pro_kg менен Элнура эжекебиз ойдогудан да сонун өткөрүштү.
Рахмат сиздерге.
Мага добуш берген бардык күйөрмандарыма ийилип ыраазычылыгымды билдирем»,-деп жазган. Биз дагы Анжелика Бекболиеванын сыйлыгы кут болсун демекчибиз.

Ссылка: https://barometr.kg/content10148



Добавить комментарий