Тумандын айынан "Манас" аэропортунда каттамдар токтотулду

22 декабря 2017 10:55 616 Barometr
Поделиться в:
ok

Азыркы тапта «Манас» эл аралык аэропорту туруксуз аба ырайынан улам убактылуу жабылды. Бул тууралуу аэропорттон билдиришти.

Тумандын айынан, аэропорт учактарды кабыл алган жок жана чыгарбай турат.

Белгиленгендей, учууну 4 каттам күтүп турат.

Өзүнүн каттамдарын күтүп отурган жүргүнчүлөр менен Аэрофлот, Флай Дубай, Урал авиалиниялары жана Эйр Манас авиакомпанияларынын өкүлдөрү иштешип жатат.

«Байсал» авиакассасынын өкүлү билдиргендей, аэропортто каттоо кечки саат алтыда башталат.

Ал эми Оштогу аэропорт штаттык тартипте иштеп жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/content10070



Добавить комментарий