Путиндин доллардан баш тартуу чечими колдоого алынды

1 июня 2018 20:50 2836 Barometr
Поделиться в:
ok

Россиянын өлкө башчысы Владимир Путиндин доллардан арылуу боюнча билдирүүсү алгачкы жыйынтыктарды бере баштады. РФ Финансы министрлиги учурда алтынды инвестициялоонун жагымдуулугун арттыруу менен чет өлкө валютасына болгон суроо талапты басаңдатуучу мыйзам долбоорун иштеп чыгып жатат. Анын негизинде ведомство баалуу металдарга болгон кошумча нарк салыгын алып салууну пландаштырууда. Азыркы учурда баалуу металл менен финансылык операцияларды жүргүзүүдө 18% көлөмүндө кошумча нарк салыгын төлөө талап кылынат. Эми салыкты алып салуу менен алтындын баркы жаңы деңгээде өнүгө баштамакчы деп билдирет, Россиянын маалымат булактары.

Ссылка: https://barometr.kg/putindin-dollardan-bash-tartuu-chechimi-koldoogo-alyndy



Добавить комментарий