Ошто контрабанда жолу менен ташылып бара жаткан товар кармалды

17 июля 2018 03:00 2215 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

 Кыргызстандын аймагында контрабандалык жол менен ташылып бара жаткан товар кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын маалымат бөлүмүнөн билдиришти. Берилген маалыматка караганда 2018-жылдын 11-июлунда Ош облусунун Кара-Суу базарында «Хундай Портер» маркасындагы автоунаага жүктөлгөн аял-эркектердин кийимдери эч кандай документтери жок ташылып бара жаткан. 

Бул иш боюнча кылмыш-жаза кодексинин 204-беренеси ("Контрабанда") менен кылмыш иши козголду. Учурда иликтөө иштери жүргүзүлүүдө. 

Ссылка: https://barometr.kg/oshto-kontrabanda-zholu-menen-tashylyp-bara-zhatkan-tovar-karmaldy



Добавить комментарий