Адвокат: "Артыкбаев учурда дарыланууда, эч жака качкан жок"
Экс-депутат Осмонбек Артыкбаев ден-соолугуна байланыштуу ооруканага жаткырылганын УКМК дан билдиришкен. Бирок, айрым маалымат каражаттары Артыкбаевдин качып кеткендигин, бир дагы ооруканада жоктугун жазып чыгышкан. Буга карата анын жактоочусу Айжан Орозакунова:"Артыкбаев учурда Мирсаид Миррахимова атындагы клиникасынын Улуттук терапия жана кардиология бөлүмүндө дарыланууда"-деп билдирди barometr.kg сайтына. Жактоочунун айтымында экс-депутатты учурда операция кылууга даярдашууда.
Мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевге "Коррупция" беренеси менен кылмыш иши козголуп, 5-июнда камакка алынган. Ал Бишкек Жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) айланасындагы жаңжалга байланыштуу айыпталууда.
Ссылка: https://barometr.kg/o-artykbaevdin-zhaktoochusuartykbaev-uchurda-darylanuuda-ech-zhaka-kachkan-zhok
Добавить комментарий ×