Видео. Мексикада учак кулады

1 августа 2018 20:30 1070 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok


Мексиканын Дуранго штатында General Guadalupe Victoria Эл аралык аэропортунда абага көтөрүлүп бара жатып, кандайдыр бир себептер менен жерге тийип, учак түтөп күйүп баштаган. Бул туурасында чет элдик массалык маалымат каражаттары билдирет. Берилген маалыматтарга караганда, учактын ичинде 100дөй жүргүнчү болгон, азырынча канчасы жаракат алды, каза болгондор барбы толук маалымат бериле элек. Куткаруучулар окуя болгон жерге тез арада келишип, лайнердеги түтүн аралаш өрттү өчүрүп жатышат деп билдирет ММКлар. 

Билдирмеге ылайык Embraer E190 учагы Aeromexico компаниясына таандык. 




Ссылка: https://barometr.kg/meksikada-uchak-kulady



Добавить комментарий