Күйүүчү майдын кымбаттыгына байланыштуу жол кире 2 сомго көтөрүлүшү мүмкүн

11 января 2019 13:18 1260 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Бишкектеги маршруттук каттамдардын жол кире акысы 2 сомго жогорулашы мүмкүн. Бул тууралуу мэриядан Гуля Алмамбетова билдирди. 

"Учурда күйүүчү май жана унаанын тетиктери кымбаттап жаткандыгы белгилүү. Бирок дароо эле маршруттук транспорттун жол акысын жогорулатуу ишке аша койбойт. Аны толугу менен монополияга каршы комитеттин талаптарына ылайык, анализ жүргүзгөн соң гана көтөрө баштайбыз. Ал жок дегенде үч-төрт айга созулат"-деди.

Бул тууралуу эсептер  монополияга каршы органга берилген. 

Ссылка: https://barometr.kg/kjch-majdyn-kymbattygyna-bajlanyshtuu-zhol-kire-2-somgo-ktrlsh-mmkn



Добавить комментарий