Тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт
20-июлда Республиканын аймагында күтүлгөн аба ырайы: Тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн +16…+21, күндуз +33…+38 градуска жетет. Таласта түнкүсүн +12…+17, күндүз +31…+36 градус болушу күтүлөт.
Нарын аймагында түнкүсүн +10…+15 болсо, күндүз +25…+27 градуска ысыйт. Ысык-Көл өрөөнүндө түнкүсүн +12…+17, күндүз +24…+29, ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн +20…+25, күндүз +37…+39 градусту көрсөтүп турат.
Ош шаарында абанын температурасы түнкүсүн +23…+25, күндүз +35…+38, Бишкекте түнкүсүн +18…+20, күндуз +36…+38 градус ысык болушу болжолдонууда.
Ссылка: https://barometr.kg/tooluu-rajondordo-tkn-tp-kn-krkrsh-ktlt
Добавить комментарий ×