Таалайбек Сарыбашов Ош шаарынын мэри болуп шайланды

18 июль 2018 23:55 2310 Каныкей Шаршенбаева
Бөлүшүү:
ok

Ош шаардык шайлоо комиссиясынын жетекчиси Абдижалил Муратов билдиргендей, Сарыбашовдун талапкерлигин 45 депутаттын 44ү колдоп, бирөө каршы добуш берген. Бузулган бюллетендер болгон жок. Жаңы калаа башчысын шаардык кеңештин спикери Жапарбек Ормонов жалпы депутаттардын атынан куттуктап, ийгилик каалады. Өз кезегинде Таалайбек Сарыбашов колдоо көрсөткөн депутаттарга ыраазычылыгын билдирди.

Эске салсак, Ош шаарынын мурунку мэри Айтмамат Кадырбаев өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басарлыгына дайындалганына байланыштуу, 3-июлда кызматтан кеткен. Ал эми Таалайбек Сарыбашов буга чейин өкмөттүн Ош шаарындагы толук ыйгарымдуу өкүлү болуп иштеген.

Ссылка: https://barometr.kg/taalajbek-sarybashov-osh-shaarynyn-meri-bolup-shajlandy



Добавить комментарий