Сузак районунда жоголгон беш жашар кыздын өлүгү табылды

20 июль 2018 01:25 1730 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Кечээ Сузак районунун  Кара-Алма айылындагы Жолдош-Ата эс алуучу жайында 5 жаштагы кыз ойноп жаткан жеринен жоголуп кеткен. Туугандары издеп таппай коюшкан соң, жергиликтүү өзгөчө кырдаалдар башкармалыгына кайрылышкан. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматынан маалымдашты. Божомол боюнча дайынсыз болуп жаткан кыз Кара-Алма суусуна тушүп кеткен дешкен. 

Ошол эле күнү издөө иштерине Сузак райондук ӨКБнүн башчысы полковник А. Карабековдун жетекчилигинде куткаруу топ чыгышып, туугандары менен биргеликте  издеп башташкан. 

Жоголгон беш жашар кызды эки күндөн бери издөө иштери улантылып, жыйынтык чыккан эмес. Берилген маалыматтарга ылайык, бүгүн эртең мененки 11 лер чамасында кыздын жансыз денеси Кара-Алма суусунан табылды. Куткаруучулар болжол менен кыз  жоголгон жерден 500 метр ылдый тараптагы суудан таап чыгып, туугандарына өткөрүп беришти. 

 

Ссылка: https://barometr.kg/suzak-rajonunda-zhogolgon-besh-zhashar-kyzdyn-lg-tabyldy



Добавить комментарий