Социалдык жактан муктаж эки миңден ашык жарандар өз үйлөрүнөн чыкпастан бекер паспорт алышты

20 июль 2018 03:36 1315 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok


 Социалдык жактан муктаж 2 миң186  жаран өз үйлөрүнөн чыкпастан бекер паспорт алышты. Бул туурасында КР Өкмөтүнө караштуу МККнын пресс-кызматы билдирди. Маалыматта айтылгандай мобилдүү топтун ишинин натыйжасында 2016-жылдан тартып 2018 –жылдын июль айына чейин  1994-жылкы үлгүдөгү 25 миң 848 паспорт жаңы үлгүдөгү ID-картага алмаштырылган.  

2018-жылдын июль айынан тартып БУУнун өнүктүрүү программасы тарабынан колдоого алынып, Япония Өкмөтүнүн техникалык жардамынын аркасында  мобилдуу калкты тейлөө борборунун кызматы Республика боюнча кеңейди. Кызматка берилген 16 кичи автобус мобилдүү калкты тейлөө борборлоруна ылайыкталып, керектүү жабдуулар орнотулду. Бүгүнкү күнү бардык Мобилдүү КТБлар областарга жеткирилип, элге кызмат кылышууда. Алар каттоо жүргүзүү, маалымкат берүү  боюнча тиешелүү бардык жабдуулар менен жабдылып аларда кассалык аппараттар, фото жана ксерокөчүрмө кызматтары да бар.

Мобилдүү топ борбору 2016-жылдан баштап Бишкек шаары боюнча кызмат көрсөтүп баштаган. Мобилдүү топ борбору паспорт алуу (алмаштыруу) үчүн жарандардан жашаган жерине барып арыздарды кабыл алышат.  Мобилдүү топ кызматына Бишкек шаарынын аймагында жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары кайрыла алышат. Кызмат алуунун негизги шарты «Дарек маалымат бюросу» автоматташтырылган маалымат системасында жарандын катталган жери боюнча маалыматтын бар экендиги болуп саналат. Мындан тышкары мобилдүү топ борбору документтештирүү үчүн юридикалык жактарга жана саны 10дон ашык топторго  корпоративдик чыгууларды ишке ашырышат.

Ссылка: https://barometr.kg/socialdyk-zhaktan-muktazh-eki-miden-ashyk-zharandar-z-jlrnn-chykpastan-beker-pasport-alyshty



Добавить комментарий