Рысбек Акматбаевдин кишиси кармалды

20 июль 2018 02:00 3061 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Кылмыштуулукка каршы оперативдүү иликтөө иштерин жүргүзүүнүн натыйжасында 16-июлда Бишкек шаарынан 1975-жылы туулган О.Д. аттуу жаран шектүү деп кармалды. Бул туурасында ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Тинтүү иштеринде анын үйүнөн «Гранд Пауэр» маркасындагы тапанча, 15ке жакын ок, бычактар табылган. Берилген маалыматтарга караганда кылмышка шектүү Ысык-Көл облусунун тургуну, кылмыштуу топтун мүчөсү катары учетто турган.  Криминалдык  авторитет деп аталган Рысбек Акматбаевдин жакындарынан экендиги жана  Орусиянын жарандыгын алгандыгы такталды. 

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, учурда сурак уланууда. 

Ссылка: https://barometr.kg/rysbek-akmatbaevdin-kishisi-karmaldy



Добавить комментарий