Москвада кыргызстандык жаран африкалык түнкү көпөлөктү терезеден ыргытып жиберди

1 июль 2018 03:55 15040 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Москвада кыргызстандык жаран түнкү көпөлөктү терезеден ыргытып жиберди. Бул тууралуу россиялык маалымат каржаттары жазып чыкты. 

Маалыматка караганда, кыргызстандык жаран Москвадан бир күнгө батирди ижарага алган. Андан сон ал көңүл ачууну каалап, атайын агенттикке чалып, түнкү көпөлөк чакырган. 

Бирок, кардар “кызмат көрсөткөн” кызга ыраазы болбой калып, аны терезеден ыргытып жиберген. Андан кийин ал агенттикке чалып, “башкасын чакырса же акчаны кайтарып алса болобу?” деп сураган. 

Ал эми терезеден түшүп кеткен тууралуу жаран тез жардамга билдирген. Жабыркаган кыз Нигериянын жараны экендиги аныкталды. 

Ага медициналык жардам көрсөтүлдү. Болжолдуу диагноздорго таянсак, ал бир нече жеринен жаракат алган. Полиция кызматкерлери кыз өзү кулап кетти деген кыргыз жаранына ишенбей, жабыркаган кызды да суракка алган. Жыйынтыгында, анын кулашына кардар түздөн-түз себепкер болгондугу аныкталды.

Ссылка: https://barometr.kg/moskvada-kyrgyzstandyk-zharan-afrikalyk-tnk-kplkt-terezeden-yrgytyp-zhiberdi



Добавить комментарий