Кыргыз Улуттук Университетинин кафедра башчысы пара менен кармалды

18 июль 2018 23:22 1084 Каныкей Шаршенбаева
Бөлүшүү:
ok

27 миң сом менен кармалган кафедра жетекчиси акчаны дипломун коргой турган студенттен талап кылган. Бул тууралуу экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын басма сөз катчылыгынан билдиришти. Мекемеге Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин бүтүрүүчүсү Г.Т. кайрылган. Ал өз арызында дипломдук ишин коргоодо жакшы баа коюу үчүн 400 доллар сурап жаткан кафедра башчысына чара көрүүнү суранган.

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 225-беренсинин 1-бөлүмү (кызматкерлердин мыйзамсыз сый акы алышы) боюнча кылмыш иши козголду.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyz-uluttuk-universitetinin-kafedra-bashchysy-para-menen-karmaldy



Добавить комментарий