Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексине өзгөртүү киргизилди

21 июль 2018 02:30 1242 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалымат кызматы бөлүмүнөн билдиришти. 

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2018-жылдын 21-июнунда кабыл алынган.

Аталган Мыйзамдын максаты — бюджеттик тармактагы мыйзамдарды өркүндөтүү, бюджеттик кодекстеги карама-каршылыктарды жоюу, бюджет аралык мамилелердин принциптерин тактоо, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын каржылык базасынын туруктуулугун, бюджеттик процесстин айкындуулугун жана ачыктыгын камсыз кылуу.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyz-respublikasynyn-byudzhettik-kodeksine-zgrt-kirgizildi



Добавить комментарий