III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарына Пакистандын делегациясынын катышуусу талкууланды

20 июль 2018 01:40 1154 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Пакистандагы  Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчисы Э.Бейшембиев Пакистан Ислам Республикасынын Маалымат, телерадиоберуу, Улуттук тарых жана адабий мурасы боюнча министри Сайед Али Зафар менен жолукту. Бул туурасында Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. 

Сүйлөшүү учурунда эки тараптын маданият жана гуманитардык кызматтыштыктын өнүктүрүү маселелер, ошондой эле Пакистан делегациясынын Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарына жана Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган 3-чү Эл аралык Ыссык-Көл форумуна катышуусу талкууланды. 

Ссылка: https://barometr.kg/iii-djnlk-kchmndr-oyundaryna-pakistandyn-delegaciyasynyn-katyshuusu-talkuulandy



Добавить комментарий