Тойдон кийин 26 жаштагы келин үлпөт көйнөгүн чечкенге жетишпей каза тапты

16 декабрь 2017 13:29 14429 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жаӊы Зеландиянын жашоочусу, 26 жаштагы Джеймика Маккарти-Харфорд өзүнүн үлпөт тою өтүп жатканда, арадан бир нече убакыт өткөндө кыйналып жаткан. Кийин той аяктаганда ал менингит оорусунан улам каза болду. Анын өлүмү коноктордун бардыгы үчүн күтүүсүз болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Кооз жасалгаланган үйлөнүү үлпөт той ачык асман алдында уюштурулган эле. Тойдун аягында татынакай келин каза болот деп эч ким күткөн эмес.

Той учурунда кыз өзүн жаман сезе баштап, бир аздан кийин эле инфекциялык дарттын айынан мерт кеткен. Ал эми күйөө бала Алистер ошол  күнү бойдокко айланды. Сүйүктүүсүнөн так той күнү айрылганы ал үчүн катуу сокку болгон. Ал эми маркумдун энеси социалдык тармактарда элди менингит дартынын симптомдорунан абайлап жүрүүгө чакырган.

Азыркы тапта дарыгерлер маркумдун үй-бүлө мүчөлөрүнө, алардын инфекциялык ооруну жуктуруп албоосу үчүн алдын алуу боюнча көзөмөл жүргүзүүдө.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content9859



Добавить комментарий