Ырчы Анжелика: “Унчукпайын десем, ушакчылардын сөзү чындыкка ооп жаткандай”

25 ноябрь 2017 17:49 21843 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жакында эле Москва шаарынан Бишкекке Гоар Аветисиан аттуу орусиялык визажист келип, сулуулук дүйнөсү боюнча мастер класс өткөн болчу. Анда визажист кыргызстандык модель Айжан Асемованы сулуулаган. Визажист алгач Айжанды макияжы жок коомчулуктун алдына чыгарып, андан кийин ага кече макияжын жасаган. Мастер класс учурунда ырчы Анжелика барып, Гоардын моделди сулуулап жаткан кезиндеги сүрөттөрдү соцтармактагы өзүнүн баракчасына жүктөгөн болчу. Ошентип ортодо чуу жаралып, буга байланыштуу социалдык тармактагы интернет колдонуучулардын айрымдары Анжеликаны сулуу дешсе, кээ бирөөлөрү Айжан татынакай деп, өздөрүнүн салыштырма пикирлерин жазып калтырышкан.

Бул тууралуу Анжелика баракчасына өзүнүн пикирин жазган: «Унчукпай коеюн десем, жалаа жапкандыкы чын болот демекчи, ушакчылардын сөзү чындыкка ооп жаткандай. Чымындан пил жасаган инсандарга-өмүрүӊүздөр узун болсун демекчимин. Айжан сулуу кыз, модель. Бири-бирибизге жаман ой, сөзүбүз дагы жок!!!! Ооба ,инстаграм баракчамдын күчүн эми түшүнүп жатам. 3000 миңден ашуун элдин алдына белгилүү визажистке модель болуп, бет боегу жок видео жана сүрөткө түшкөн кызыбызды мен эле тартып, ошол күнү менин гана телефонумдун камерасы иштесе керек да:))) Мага душман көрсөтүп, биздин кимибиз жакшы-жаман дегидей Кудай болуп кеттиңерби??? 3 000 адамга бул модель кызды сүрөткө тартпагыла деп айтып койбойт белеңер. Визажисттин жумушуна кызыгып чогулган эл Айжанды чынында тааныган да жок. Жада калса чоң сахнада алып баруучунун Айжанга карай мазактаганын билбейсиңерби? Сөздүн баары ошол жерден башталган: боёксуз башка турбайсыңбы, боёктун күчү кандай күчтүү деген сымал сөздөрдү айтканда социалдык тармактагы журналисттер жанымдан туруп күлүшүп, сүрөткө тартып жатканын байкагам. Алар тараткан сүрөттүн автору мен экенмин да? Мага анын эмне кереги бар? 9 жылдан бери сулуулук салонумда кандай гана Эл артистерди боеп сулуулап, чет өлкөнүн жылдыздарын сулуулап келгенбиз. Же мага бул нерсе кызык болуптурбу??? Кайда баратасыздар? Эки адамды бири-бирине душман кылган кайсы улут ушул нерсеге барсын????? Эсиңиздерге келип, үч кыздын апасы болуп, айымдарга бактылуулук каалап, болгон күч аракетимди көргөндөн башка эмне зыяным бар силерге??? Мынча жек көрүүнү кайдан үйрөндүк- эжекелер, апалар, синдилер??? Болгон негатив жазгысы келгендер, бөтөн жерге «Көзү жокто суу куйду» кылбай , ушул жерге болгон оюңузду жазып, чер жазып алыңыздар! Ал эми бул салыштыруу жана ушак көрүнүшкө каршы инсандар-эч нерсе жазбастан гүл сунуп койсонуз жетишет, ыраазымын».

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content9128



Добавить комментарий