Бишкектеги балдар аянтында жаш сойкунун сөөгү табылды

30 август 2017 14:49 11747 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 Бишкектеги балдар аянттарынын биринде жаш кыздын сөөгү табылды. Бул тууралуу  Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан Barometr.kgге кабарлашты.   

«Бүгүн эртең менен Бөкөмбаев-Усенбаев көчөлөрүндөгү үйлөрдүн бириндеги балдар аянтында кыздын сөөгү табылды”,-деп билдиришти ШИИБден. 

Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин айтымында, кыздын жашы болжол менен 25-30дар чамасында. Анын эмне болуп каза тапканы азырынча белгисиз, денесинде күч колдонулуп өлтүрүлгөн белгилер байкалбайт.

 Алдын ала маалыматтарга таянсак, кыз сойкуканада иштеген. Милиция анын өздүн тактоого аракет кылып жатат.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content5751



Добавить комментарий