Экс-өкмөт башчынын үйүнөн 72 чемодан акча табылды (видео)

20 май 2018 20:44 11928 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Малайзиянын экс-өкмөт башчысы Наджиб Разактын үйүн полиция тинтүүгө алган кезде 284 куту баалуу буюмдар жана 72 чемондан акча табылды. Бул тууралуу The Star булагы кабарлады.

Кутуларда кымбат баалуу сааттар, зер буюмдар, Louis Vuitton, Hermes мода үйлөрү чыгарган эксклюзивдүү сумкалар, чет элдик валюталар болгон. 

Куала-Лумпурдагы үйдөгү баалуулуктарды алып чыгыш үчүн полицияга беш жүк унаасы керектелди.

Өлкөнүн премьер-министр Наджиб Разак миллиарддаган каражат уурдаган үчүн 9-майдагы шайлоодо жеңилип калган. Жаңы өкмөт башчы, 91 жаштагы Махатхир Мохамад мамлекеттик уурулуктун бетин ачууга убада берген.

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content14644



Добавить комментарий