Окуучу кыз банан жегенден кийин көз жумду

17 май 2018 09:05 11694 Barometr
Бөлүшүү:
ok
2006-жылы төрөлгөн кыз банан жегенден кийин ууланып көз жумду. Бул тууралуу “Stan.kz” сайты маалымдайт.
Анын 2009-жылы төрөлгөн иниси да ууланып, ооруканада жатат. Окуя Ташкентте болгон.
Өзбекстандын Башкы  прокуратурасынын маалыматы боюнча, окуучу кыз дүйшөнбү күнү каза болгон.ал иниси менен бирге ооруканага жаткырылган. Баланын абалы калптуу, ал эми эжесинин аман алып калуу мүмкүн болгон эмес.
Окуучу кыз кайра-кайра куса берген. Эжесинин айтуусу боюнча, иниси жекшенби күнү хот-дог жеген. Ал эми кыз банан жеп, артынан шире ичкен. Азыр кыздын эмнеден көз жумганын аныктоо үчүн текшерүү иштери өткөрүлүп жатат.
Прокуратура текшерүү жүргүзүүдө.
 

Ссылка: https://barometr.kg/content14533



Добавить комментарий