Бишкектик кыз бир учурда эки жигитке күйөөгө чыкты

15 май 2018 15:20 13905 Barometr
Бөлүшүү:
ok
Бишкектин тургуну өзүн күйөө жигит катары тааныштырып, бирөөнүн болочок келинчегине үйлөнүп алды. Башка адамдын аты-жөнү менен келбетинин окшоштугун пайдаланган жигит беш жылга соттолду. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат сайты кабарлады.
Асем менен Бактиярдын окуясы бир нече жыл мурун башталган. Алар башында никеге турбай бирге жашап көрүүнү жөн көрүшкөн. Экөө батир ижарага жалдап, Бактияр курулушта жумуш иштей баштаган.
Бирок жумушта жүрүп, Бактиярдын үстүнө оор нерсе кулап, ал жаракаты менен ооруканада бир ай жатып чыккан. Анын баш мээси чайкалып, баш сөөгү сынган.
Мындагы кызыктуу жагдай, ал ооруканада жаткан кезде, анын ЗАГС бөлүмүнө барып никесин каттатканы белгилүү болгон. Кийинчээрек белгилүү болгондой анын ордуна Таир аттуу жигит Асемге үйлөнүп алган.
Демек, Асем Бактиярдын ооруканада жатканын пайдаланып, анын ордуна башканы алып барып, Бактыярдын мыйзамдуу аялы катары катталып алган.
Биринчи инстанция соту Таирди беш жылга соттоп, шарттуу түрдө кесилди. Ошону менен бирге, сүйүктүүсүнүн аты менен башканы ЗАГСка алып барып, алдамчылык жасаган Асем да беш жылга эркинен ажыратылды.

Ссылка: https://barometr.kg/content14433



Добавить комментарий