Камчы Көлбаев апасын 70 жаш мааракеси менен куттуктады (видео)

12 май 2018 11:52 16122 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандагы белгилүү крим төбөл Камчы Көлбаев өзүнүн апасы Мая Алиеваны 70 жаш мааракеси менен куттуктаганы тууралуу видео социалдык тармактарга жарыяланды.

Бул сюжет бир аз мурда жарык көргөн. Көлбаевден тышкары мыйзамдагы уурунун жакын туугандары дагы Алиеваны куттукташкан.

 Соцтармактын колдонуучулары абдан кесипкөйлүк менен тартылган видео роликтин сапатына көңүл буруп жатышат.

Эскерте кетсек, Камчы Көлбаевдин атасы Асанбек Көлбаев өз кезегинде Ысык-Көл райондук спорт комитетин жетектеп турган жана КРнын эмгек сиңирген машыктыруучусу болгон. 2012-жылы Чолпон-Атадагы ат майданына анын ысымы ыйгарылган.

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content14346



Добавить комментарий