Жүргүнчү ташыган Ан-2 учагы жарылды

20 декабря 2017 12:34 1098 Barometr
Поделиться в:
ok

Россиянын Ненец автономдуу аймагында, Нарьян-Мар маршруту боюнча каттамын аткарган жеңил жүргүнчү ташыган Ан-2 учагы жарылды.

Бул тууралуу РИА Новости билдирди.

Нарья-Мардан Харутка жөнөчү Ан-2 учагы саат он жарымдарда учууга көтөрүлгөндө  жарылган. Бортто экипаждын эки мүчөсү, 11 жүргүнчү бар болчу. Акыркы маалыматтарга ылайык, 3 адам каза болду, анын ичинде төрт жаштагы бала жана бир аял бар.

Жабыркагандардын баардыгы ооруканага жеткирилди. Алардын абалы өтө оор абалда.

Иликтөө комитети бул окуянын себептерин 3 версия боюнча карап чыкты: туруксуз аба ырайы, техникалык бузулуулар же учкучтун учакты башкаруудагы каталары.

Буга байланыштуу Россиянын Кылмыш кодексинин «Коопсуздук кыймыл эрежелерин бузуу жана кылдатсыздыктан улам экиден көп адамдын өлүмүнө алып келген аба транспортун эксплуатациялоо» беренеси боюнча иш козголду.

Ссылка: https://barometr.kg/content9980



Добавить комментарий