"Манас" аэропорту TAV Airports Holding компаниясына берилиши мүмкүн

20 декабрь 2017 11:40 831 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүнкү күндө КР инвестицияларды алга жылдыруу жана коргоо боюнча агенттиги атамекендик жарандык аэропортторду өнүктүрүү моделдерин карап чыгуу тууралуу кеңешме жана аналитикалык иштерди өткөрүп жатат. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмүнөн билдиришти.
Жүргүзүлүп жаткан иштердин негизги милдети улуттук кызыкчылыкты жана мыкты дүйнөлүк тажрыйбаларды киргизүүнү эске алуу менен «Манас эл аралык аэропорту» ААК жарандык аэропортторун өнүктүрүүнүн келечегин талкуулоо болуп саналат. Учурда аэропорттордун мүмкүндүгү, алардын өлкө экономикасына салымы колдогу мүмкүндүктөргө дал келбейт. Буга байланыштуу аэропорторду жаңы сапаттык деңгээлге чыгаруу, андан соң заманбап, жогорку сапаттуу түйүндүү аэропортту (мындан ары – Хаб) түзүү мүмкүндүгү өзгөчө актуалдуулука ээ болууда, бул тартылган инвестицияларга жараша ишке ашырылуусу ыктымал.
Грузия жана Казакстан сыяктуу мамлекеттердин тажрыйбасы көрсөткөндөй, аэропорторду ишеним башкарууга берүү инфраструктураны өнүктүрүү, аэропортторду жана маршруттук багыттардын санын кеңейтүү үчүн жаңы мүмкүндүктөрдү ачат, өз кезегинде бул туризм, сооданын өнүгүшү, авиабилеттердин наркынын төмөндөтөлүшү ж.б. аркылуу жарандарыбыздын жашоо деңгээлин жогорулатууга таасирин тийгизет. Мында келечектүү инвесторлор менен сүйлөшүү процессинде Өкмөт бардык аэропорттогу жумушчу орундардын сакталышын, ошондой эле алардын ишинин көлөмүнөн түшкөн киреше бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасы алып жаткан деңгээлден кем болбоосу тийиштигин талап кылат.
Өкмөт тарабынан улуттук аэропорттордун инфраструктурасын өзгөртүү боюнча активдүү иш жүрүүдө, анын натыйжасы катары өлкөдөн жүргүнчүлөрдү жогорку эл аралык деңгээлдеги тейлөө менен камсыздоо аркылуу дүйнөнүн каалаган точкасына жеткирүү мүмкүндүгү пайда болот.
Кыргызстан мурдагыдай эле учактары Европанын аба мейкиндиктеринде болуусуна тыюу салынган КМШдагы жалгыз мамлекет болуп саналат, буга байланыштуу компетенттүү компанияны тартуу ыкмасы менен аэропортторду өнүктүрүү мүмкүндүгүн конструктивдүү түрдө иштеп чыгуу башка эл аралык авиаташуучулардын келүүсүнө жол ачат, мунун өзү түзүлгөн кырдаалдан чыгууга оңдуу натыйжа берет.
Жогоруда айтылгандардын негизинде Өкмөт инвестицияларды тартуу менен мамлекеттин аэропортторун өнүктүрүү боюнча иш ачык, эл аралык тажрыйбаны колдонуу менен жана Кыргызстандын кызыкчылыктарын сактоо аркылуу ишке ашырылаарын маалымдайт.

Белгилесек, өкмөттүн 2017-жылдын 8-декабрындагы токтому менен, “Манас” аэропортунун транспорт-логистикалык борборун өнүктүрүү максатында, TAV Airports Holding компаниясы жана башка кызыкдар инвесторлор менен инвестициялык шарттарды талкуулоо боюнча жумушчу топ түзүлдү.

Жумушчу топтун курамына төмөнкүлөр кирди:

Момункулов Эсенкул Дүйшөнкулович

-

КР инвестицияларды алга жылдыруу жана коргоо боюнча агенттигинин директору, жумушчу топтун төрагасы;

Алиев Бекболот Абдыганыевич

-

Мамлекеттик мүлктөрдү башкаруу боюнча фонддун төрага орун басары, жумушчу топтун төрага орун басары;

Абдралиева Гүлмира Курманбековна

-

Өкмөт аппаратынын курулуш, транспорт жана байланыш бөлүмүнүн башчысы;

Абакиров Эльдар Курманбекович

-

КР Экономика министринин орун басары;

Байгончоков Мирланбек Конушбекович

-

Каржы министринин орун басары;

Жуматаева Гүлнур Муратовна

-

Социалдык фонддун төрага орун басары;

Мамыркалиев Эрмек Алтымышевич

-

Транспорт жана жолдор министрлигинин статс-катчынын милдетин аткаруучу;

Джунушалиев Бакыт Женишевич

-

Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу Жарандык авиация агенттигинин директорунун орун басары;

Сопоков Эркин Мамасалиевич

-

Кыргызстандын Түркиянын Стамбул шаарындагы башкы консулу;

Эралиева Назгүл Жоробековна

-

Президенттик аппараттын каржы-экономикалык анализ жана мониторингди өнүктүрүү бөлүмүнүн серепчиси (макулдашуу боюнча);

Бектурганов Жолдош Токторбаевич

-

"Эйр Кыргызстан" ачык акционердик коому башкармалыгынын төрагасы (макулдашуу боюнча);

Белеков Нурсултан Белекович

-

“Эл аралык «Манас» аэропорту ачык акционердик коомунун инвестициялык, стратегиялык жана инфраструктуралык өнүктүрүү Дирекциясынын директорунун орун басары (макулдашуу боюнча).

 

Ссылка: https://barometr.kg/content9976



Добавить комментарий