Улуттук банктын төрагалыгына Толкунбек Абдыгуловдун талапкерлиги жактырылды

19 декабря 2017 16:06 939 Barometr
Поделиться в:
ok

Жогорку Кеңештин экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин депутаттары Кыргызстандын Улуттук банкынын төрагасы кызматына Толкунбек Абдыгуловдун талапкерлигин жактырды.

Эл өкүлдөрү бул кызматта Толкунбек Абдыгуловдун тажрыйбасын белгилешип, андан экономикалык өнүгүүгө жардам көрсөтүү жана жумуш орундарын түзүүгө көңүл буруусун өтүндү.

Депутат Дастан Бекешев (КСДП) Абдыгуловдон өкмөткө эмнеге барганын, эми кайра Улуттук банкка кайтып жатканын сурады.

«Биз эми мамлекеттик кызматкерлербиз да. Ошондой сунуш болгон, өкмөткө барыш керектигин айтышты. Эми кайра келүүмдү сунушташты, президент сунуштады», - деди Толкунбек Абдыгулов.

Депутат, мындай сунуштардан баш тартуу оор экенин түшүнөрүн кошумчалады.

«Сиз, башкысы эми кетпеңиз жана иштеңиз», - деди Дастан Бекешев.

Ссылка: https://barometr.kg/content9946



Добавить комментарий