Жээнбеков ЖККУнун Башкы катчысына: Минск шаарына сапарым пайдалуу болду

19 декабря 2017 15:33 721 Barometr
Поделиться в:
ok

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-декабрда Жамааттык коопсуздук кызматташуу уюмунун (ЖККУ) Башкы катчысы Юрий Хачатуровду кабыл алды.

ЖККУнун Башкы катчысы Кыргыз Республикасынын Президентине Уюмдун 2018-жылга карата пландары тууралуу маалымат берди. Ошондой эле ЖККУнун ишмердигинин негизги багыттары боюнча пикир алмашуу болду.

Сооронбай Жээнбеков Минск шаарында 2017-жылдын 30-ноябрында Уюмдун жамааттык коопсуздук Кеңешинин мааракелик сессиясынын жыйынтыктарын канааттануу менен белгиледи. “Менин алгачкы жумушчу сапарым Москва шаарына, андан кийин ЖККУнун жамааттык коопсуздук Кеңешинин мааракелик сессиясы өткөн Минск шаарына болду. Мен Уюмга мүчө мамлекеттердин бардык башчылары менен жолугушуп, кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулаганыма кубанычта болдум. Бул сапар абдан пайдалуу болду”, - деп белгиледи Жээнбеков.

Мамлекет башчысы белгилегендей, Кыргыз Республикасы аймактагы коопсуздуктун кепилдиги катары ЖККУнун алкагында кызматташууга өзгөчө маани берет, Уюмдун алкагында ар тараптуу өз ара аракеттенишүүнү өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө чечкиндүүлүгүн тастыктайт. 

ЖККУнун Башкы катчысы Юрий Хачатуров Сооронбай Жээнбековду Кыргыз Республикасынын президентинин кызматына шайланышы менен куттуктады. “Сиз шайлоодо ишенимдүү жеңишке жеттиңиз, шайлоо тынч өттү, бул Сизге мамлекетти өнүктүрүүнүн саясатын  ишенимдүү жүргүзүүгө жакшы  мүмкүнчүлүк берет”, - деп белгиледи Юрий Хачатуров. Ал ошондой эле Кыргыз Республикасына Уюмдун ишмердигине дайым көңүл бөлүп, анын позицияларын бекемдөөгө кылган аракети үчүн ыраазычылык билдирди.

Ссылка: https://barometr.kg/content9944



Добавить комментарий