“Сен” деген ыры менен кыздардын жүрөгүн сыздаткан Марлен

19 декабря 2017 15:33 2143 Barometr
Поделиться в:
ok

Белгилүү ырчы, «Достор» тобунун солисткасы Айчүрөк Султанованын уулу Марлен Алибеков да апасынын жолун жолдоп ырчы болуп, ырдап, элдин колдоосуна ээ боло алды. Марлен жогорку билимдүү, эки кесиптин ээси. Улуттук Консерваторияны жана МУКтун юридика факультетин аяктаган. Марлен 24 жашта, бойдок.

barometr.kg Айчүрөк айымга кайрылып, өзүнүн жана баласынын чыгармачылыгындагы жаңылыктарды сурасак, ал: «Достор» тобунда ырдагандыктан быйылкы жылы жалаң гана топтун мааракелик майрамына карата иштедик. Быйыл мен жалаң гана «Достор» тобу менен иштеп, өзүмө клип тартууга үлгүргөн жокмун, себеби, бардык күчүбүздү топтун чыгармачылыгына арнадык. Ал эми уулум Марлен быйыл чыгармачылык менен жакшы иштеди. «Сен» аттуу ырына клип тарттырды. Ал ыр учурда телевидениеден байма-бай берилүүдө, угуучулар жакшы кабыл алышты. Ырчынын ийгилиги – угарман, күйөрман табуу. Уулум экөөбүз бир гана жолу (анын кичинекей кезинде) дуэт ырдаганбыз. «Достор» тобунун 10 жылдык концертинде «Энекебай» деген ырды ырдап чыкты. Үнүн, аны менен кошо мүнөзүн жактырып, мага алкыш айтышууда. Марлендин жакшы жери концерттерде фонограмма менен ырдабайт, жандуу ырдайт»,-деп кубанды ырчы.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content9943



Добавить комментарий