Көптөн күткөн балдар үчүн жөлөк пулдар эми январда берилбей калабы?
Өкмөт «КР мамлекеттик жөлөк пулдар тууралуу» мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин кароосуна киргизди.
Документке ылайык, күчүнө 2018-жылдын 1-январынан тартып кире турган бул мыйзамдын күчүнүн мөөнөтүн 3 айга узартуу сунушталды (бир жолу бериле турган «балага сүйүнчү» жөлөк пулунан тышкаркы төлөмдөр).
Мыйзамдын жаңы редакциясы боюнча, ай сайын берилүүчү жөлөк пулдарды, 3-16 жашка чейинки 3 же андан көп баласы бар үй-бүлөлөр алат.
Буга байланыштуу, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин алдын ала эсептөөсүнө ылайык, мыйзам күчүнө киргенден кийин, 30 бала жашаган 16 миң үй-бүлө, кийинки жылдын ичинде жөлөк пул алуучулардын тизмесинен чыгарылат.
Бул тизмеден чыгарылган балдар негизинен, 3төн жогорку курактагы бир же эки баласы бар, орточо жалпы кирешеси 900сомдон төмөн болгон аз камсыз үй-бүлөлөрдүн балдары эсептелет.
Бала төрөлгөндө бир ирет бериле турган жөлөк пулдарды бардык үй-бүлөлөр алышат.
Муну менен бирге өкмөт, мындай мыйзам, актуалдуу болуп эсептелет жана көп балалуу үй-бүлөлөрдү колдоо максатына багытталган заманбап реалийлерге жооп берет деп белгилейт.
Өкмөт, мамлекеттик жөлөк пулдардын максаты – аз камсыз болгон жарандарга колдоо көрсөтүү экенин белгилөө маанилүү деп эсептейт.
Бул факторду эске алуу менен, мамлекеттик колдоону башкаруу тармагында чечим кабыл алууда жөлөк пулдардын даректүүлүгү маанилүү роль ойнойт.
Ссылка: https://barometr.kg/content9942
Добавить комментарий ×