Дилшат Кангелдиева: «Айнекти сындырып жаңы кийимдеримди уурдашыптыр»

19 декабря 2017 13:46 2089 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкекте Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти Дилшат Кангелдиеваны тоноп кетишкен. Ырчы милицияга кайрылганда алардан «эми ууруларды кечирип коюңуз да» деген жоопту алган. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы өзүнүн баракчасында жазган.

«Замандаштар ушул видеодо менин автоунаамды тегеренип шыкалап карап, ары бери өтүп жаткан жаштар бири кыз, 3 эркек балдар экен, видеого жакшы түшпөй калыптыр, эшик айнегин сындырып ичинен пакетте салынган жаңы кийимдеримди уурдап кетишиптир. Жаштар уурулук кылганы көрүнүп турат. Анан милицияга чалып 2 саат күтүп үшүп анан түз эле Свердлов райондук ИИБсине арыз жазайын деп барсам милициябыздын айткан сөзүнө кыжырландым. Эже бир байкуш бомж ачка болуп айласыздан сиздин машинеңизди талкалап ичинен уурдап кетти да, эми аларга да кыйын, акчасы жок, туура түшүнүңүз да дейт. Коомубузду тартипке салуу бул орган кызматкерлерин иши экенине ишенип келсе , кебелишпейт, биз ужинге бараттык эле, эми сиз үчүн ачка калалы деп кайра мага милдет кылышат. Эже 2 вариант бар, бири жазыңыз же жазбаңыз деген вариантын 6 жолу кайталады. Биздин ички иштер министрлиги ушундай кызматкерлерди жумушка алса, биздин коом оңолушуна көзүм жетпей калды. Күмөнүм бар, ууруларга крыша болуп жүргөн милиция кызматкерин да угуп жүрөбүз. Аман эле болушсун ошондой деңгээлдеги милицияларга»,-деп жазган ырчы.

Ссылка: https://barometr.kg/content9936



Добавить комментарий