Адистер: Эч убакта телефонду кучактап уктаганга болбойт

19 декабря 2017 12:27 919 Barometr
Поделиться в:
ok

Окумуштуулар уюлдук телефонду көп убакытка чейин колдонуу-рак, тукумсуздук, ошондой эле башка коркунучтуу дарттарга жол ачат деп айтып, телефонду түн ичинде жаздыктын алдына койбош керектигин сунуштады.

Мындай эскертүүнү Калифорниянын Саламаттыкты сактоо департаментинин кызматкерлери билдирүүдө.

Алардын айтымында, телефондогу радиожыштыктын нурлары адамдын угуу органдарына, эс тутумуна, уйкуга терс таасирин тийгизип, баш оору, тукумсуздук жана онкологиялык ооруларды жаратат.

Өзгөчө, өспүрүмдөр менен жаш балдар үчүн смартфондорду күндүз-түнкүсүн жанына алып жүрүү, ашыкча колдонуу чоң зыян алып келет.

Анткени телефондун ичиндеги радиоылдамдык энергиясы жаш балдардын организмине, боюнунун өсүшүнө терс таасирин тийгизип, ал гана эмес дүлөй болуп калууга алып келет. Андыктан уюлдук телефонду узак убакыт кармап жүргөнгө болбойт.

Адистер, смартфондорду, сүйлөшүп жаткан учурда баш жакка койбой, кулак таккычты колдонууну жана уктап жатканда телефонду кербеттин жанына калтырбоону сунуштайт.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content9929



Добавить комментарий