Кыргызстандын бажычылары 20 тоннадан ашуун мандарин жүктөлгөн унааны токтотту

19 декабря 2017 11:13 1274 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстандын бажычылары Тажикстандан 20 тоннадан ашуун мандаринди жүктөп келаткан унааны токтотту. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Пландык иш-чаралардын жүрүшүндө «Түштүк» бажысынын кызматкерлери тарабынан, Ош шаарындагы Жапалак кыштагынын районунда «Вольво FH16» үлгүсүндөгү КРдын мамлекеттик номер белгиси бар, Россиянын жараны Т.К.К. башкарган автотранспорт токтотулуп текшерилген.

Текшерүүнүн жүрүшүндө, унаадан салмагы 20 832 кг болгон, жалпы суммасы 937 миӊ 440 сомду түзгөн, жыгач ящиктердеги таза мандарин документи жок Тажикстандан ЕАЭБ аймагына ташылып бараткаы аныкталган.

Материалдар Ош областык прокуратурасына жиберилди.

Ссылка: https://barometr.kg/content9923



Добавить комментарий