Эки аял пенсионерди башка чаап, карактап кетишкен

18 декабря 2017 17:20 830 Barometr
Поделиться в:
ok

Чүй областындагы Жайыл районунда аял жергиликтүү тургунду карактап кеткен деп айыпталууда. Бул тууралуу ИИМнин басма сөз кызматы билдирди.

Ушул жылы 15-декабрда болжол менен кечки саат тогуз кырктарда Жайыл райондук ИИБсинин күзөт кызматына, аймактык ооруканадан европа улутундагы, жашы болжол менен 80-85тердеги улгайган аялдын келип түшкөнү боюнча маалымат келген.

Бул факт боюнча окуя болгон жерге дароо ыкчам-иликтөө тобу барган. Милиция кызматкерлери тарабынан аялдын өздүгү аныкталган: ал Кара-Балта шаарынын 83 жаштагы (К.В.) тургуну болгон. Алдын ала иликтөөнүн жүрүшүндө, 15-декабрда, арыздануучунун үйүнө белгисиз эки аял келип, пенсионерди баш тушка чаап, акчасын алып изин жашырышканы аныкталган.

Бул иш боюнча Кылмыш кодексинин 168-беренеси (Каракчылык) менен иш козголуп, бардык зарыл соттук-медициналык экспертизалар дайындалды. Ыкчам операциялар учурунда бул кылмышка шектелип, буга чейин бир нече жолу соттолгон, Кант шаарынын тургуну, 39 жаштагы Д.Ф. кармалган.

Ал убактылуу тергөө абагына киргизилип, кылмышка шектүү экинчи аялды кармоо боюнча издөө иштери жүрүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/content9907



Добавить комментарий